Чал кыздарга сулогон

"Эркек маймылдан гана бир аз жакшынакайыраак болуш керек"деген кеп айтылып жүрөт го.Эми кандай десем,азыркы учурда көп эле жигиттер кыздардан кем калышпай кашын терип,бет май сүйкөнүп,бетине упа койдуруп,башын күндө жууп,чачтарын кыздардан дагы сонун караган балдар күн санап өсүүдө.Корейлердин сериялдары чыккандан чал кыздарга сулогон оозум Ошту,жаагым Жалал-Абадды карап тим чал кыздарга сулогон борчиктер чачын өстүрүп,чыпташкан спорт шымын кийип алса бир ирээнжигенимди айткыла.Жигиттер үчүн сулуулук бул-өзүн таза-тыкан алып жүрүү,чачын убагында кестирип,спорт менен машыгып,тишин тазараак жууп алса ошол сулуулук.Оозун тырмагын түссүз помада,түссүз лак менен боёп сулуулангандар жанагы "кыздарга окшош сулуу балдар да".Мен жигитим менен күзгү,помада талашкым келбейт.Жигитимдин чымыр денелүүлүгү, эркектик сапаттары,таза- тыкандагы мен үчүн жигитимдин кайталангыс сулуулугу боло алат.)))

Ал мени итсиң деди.
-Итмин- дедим.
Тек гана терикпестен күлүп туруп.
Не кылам жаман айтып жаакташып.
Мен анын ит экенин билип туруп.

Источник: https://www.super.kg/superstan/index.php?showtopic=95053

чал кыздарга сулогон
Copyright © 2018.